SerepTV Logo

Кыргызстанда бензин дагы кымбатташы болжонууда

Кыргызстанда бензин дагы кымбатташы болжонууда
Кыргызстанда бензин 10 сомго, ал эми дизелдик май 4, 8 сомго чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында билдирди. Депутаттар Кыргызстандагы мунай-газ тармагынын абалы жана күйүүчү майлардын баалары туурасында абалды талкуулашты. Кадырбаевдин айтымында, мунай заттарынын баасы Кыргызстанда бир топ кымбатташы күтүлүп жатат. "Быйылкы жылдын январь-февраль айында Россиядагы мунай иштетүүчү заводдордо бир тонна бензин 100-150 долларга көтөрүлдү. Ошондо баа 7ден 10 сомго көтөрүлүшү мүмкүн, ал эми дизелдин бир тоннасы Россиядагы нефть иштетүүчү заводдордо 40-60 долларга чейин кымбатташы күтүлүп жатат. Бул учурда баа 3 сомдон 4, 8 сомго чейин өсөрүн билдирет", — деди Кадырбаев. Ал КРдин күйүүчү май рыногунда 20дан ашык компания иш алып барып жатканын, өлкөдө күйүүчү майлардын жалпы керектөөсү 1 млн. 200 миң тоннаны түзөрүн билдирди. Анын айтымында, мунун 80 пайызы импорттолуп келет.  
Unknown Author