Кыргызстанда бир гана бала баасы 2 миллион доллар турган "Золгенсма" дарысын алган
Кыргызстанда бир гана бала "Золгенсма" дарысын алганын Дары-дармектерди каттоо бөлүмүнүн башчысы Мирбек Нышанбаев 17-мартта парламенттин социалдык комитетинин жыйынында билдирди.
"Бул дарынын баасы 2 миллион доллар турат. Менин маалыматым боюнча, бул дарыны Кыргызстан боюнча 1 балага гана алган", - деди ал.
Анын айтымында, 2 жашка чейинки жана 13 килограмм салмакка чейинки балдарга колдонгондо жогорку эффективдүүлүк байкалат.