Кыргызстанда апрель айында күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн
Апрель айында Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, бензин 6 пайызга, дизель майы 9 пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатат. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга дүйнөлүк рынокто Brent үлүгүсүндөгү нефтинин баасы өсүп, баррели 65 долларга чыгып кеткени себеп болууда. Мындан тышкары, Орусиянын заводдорунда дүң баа жогорулап жатат. "Күйүүчү майдын кымбаттап кетүүсүнүн себептеринин бири — сомдун долларга карата болгон девальвациясы. Заводдор продукциясын эл аралык валютада сатат. Ал эми Кыргызстандын ичинде соода кылганда сомду пайдаланабыз. Ортодо чоң айырмачылык бар", — деп түшүндүрүштү ассоциациядан.
Ассоциациядан кабарлашкандай, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы келишим нефть азыктарын ташууда бир топ жеңилдиктерди берүүдө. Башка өлкөлөр тараптан Кыргыстанга мындай жеңилдиктер берилген эмес.
Акыркы маалыматтарга караганда, Бишкекте АИ-92 маркасындагы бензин 47, АИ-95 — 49 сомдон сатылууда. Дизель майынын 1 литри 44 сомдун тегерегинде.