Кыргызстанда аналитикалык продуктуларынын бирдиктүү маалыматтык базасы иштелип чыгат
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметовду кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууда жана кабыл алууда Институттун ишинин натыйжалуулугун, мамлекеттик органдардын Институт менен өз ара аракеттешүүсүн жана алардын изилдөө ишинин потенциалын күчтөндүрүү боюнча чаралар талкууланган.
Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун директору Уран Ахметов Министрлер кабинетинин төрагасына Институттун учурдагы милдеттери жана жакынкы аралыктагы пландары тууралуу маалымат берген.
«Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун аналитикалык иликтөөлөрү мамлекеттик органдардын болжолдоо жаатындагы ишин олуттуу жеңилдете алат. Кыргыз Республикасынын аналитикалык продуктуларынын жана Аналитикалык иликтөөлөр фондунун бирдиктүү маалыматтык базасын иштеп чыгуу зарыл, аны менен мамлекеттик органдар, эл аралык коомчулук жана катардагы жарандар да пайдалана алгыдай болушу кажет», - деп белгиледи төрага.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, Министрлер кабинетинин төрагасы президенттик администрациянын тийиштүү бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмаларды, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту жөнүндө» прездиденттин жарлыгын кабыл алуу жаатында да тапшырмаларды берген.