SerepTV Logo

Кыргызстанда абадагы зыяндуу заттардын 50 пайызы энергетика тармагына туура келет

Кыргызстанда абадагы зыяндуу заттардын 50 пайызы энергетика тармагына туура келет
Кыргызстанда абадагы зыяндуу заттардын 50 пайызы энергетикага туура келет. Бул тууралуу “жашыл” технологияларды өндүрүүчү жана ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагына күйүүчү май колдонгон тармак катары транспорт тармагы кирет. “Абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын 30,8 пайызы айыл чарба тармагына, дагы 6 пайыздан ашыгыраагы өнөр жайга туура келет”, - деди ал. Министрдин биринчи орун басары мындай маалымат өнөр жай тармагы абага зыяндуу заттарды чыгаруунун негизги булагы болуп саналбай турганынан кабар берет деп белгиледи. “Бирок ойлоно турган жана үстүнөн иш алып бара турган башка дагы тармактар бар. Энергетика тармагында транспорт тармагы да бар. Кечээ биз абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну алдын алуунун альтернативасы катары электромобилдерди жайылтуу маселесин талкууладык. Экинчи бөлүк – көмүр жагуу. Бул ЖЭБдин жана көмүр колдонгон мекемелердин иши”, - деди Иманалиев. Ал мамлекет тарабынан өлкөнү "жашыл" технологияга өткөрүү боюнча анализ даярдалганын кошумчалады.
Unknown Author