Өлкөдө 7-мартка карата 44 адамдан коронавирус аныкталды
Өлкөдө бүгүн, 7-мартка карата 44 адамдан коронавирус аныкталды, 46 адам оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка караганда, илдетке чалдыккандар төмөнкү аймактарда катталган:
- Бишкек - 21;
- Ош - 2;
- Чүй облусу – 5;
- Нарын облусу - 4;
- Ысык-Көл облусу – 12.
COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар:
- Бишкек – 17;
- Чүй облусу – 14;
- Ош облусу – 4;
- Нарын облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 8;
- Баткен облусу – 2.
Сутка ичинде оорудан каза тапкандар катталган жок.
Учурда 346 адам стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
- 3 адам - канааттандыраарлык абалда;
- 241 - орто оордукта;
- 88 - оор абалда;
- 14 - өтө оор абалда.