Кыргызстанда 15 күндүн ичинде солярка дээрлик 3 сомго кымбаттады
Декабрдын эки жумасында Кыргызстанда дизель майы 2,79 сомго же 5 пайызга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жарыялады.
Ноябрдын аягында солярка өлкө боюнча орточо эсеп менен 54,8 сом болсо, 15-декабрга карата анын баасы 57,59 сомго жеткен. Акыркы 15 күндө бензин дагы кымбаттады. АИ-95 1,6 сомго - 63,15 сомдон 64,75 сомго, АИ-92 1,02 сомго кымбаттады.
Баалар мунай иштетүүчү заводдордо күйүүчү майдын дүң баасынын кымбаттыгынан улам өсүп жатат. Ошону менен бирге мамлекет күйүүчү-майлоочу майдын баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү көздөп жатат.