Кыргызстанда COVID-19 илдетинен төрт адам каза тапты
Кыргызстанда 12-мартка карата COVID-19 илдетинен төрт адам каза тапты, дагы 63 адамдан илдет жаңы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Каза тапкан төрт адамдын бири Бишкек шаарынын, калгандары Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусунун тургундары болушкан.
Оору жуктурган 63 жаңы учурдун эң көбү Бишкек шаарында катталган - борбордо 31 адамдан вирус табылды. Чүй облусунда 18, Ысык-Көл облусунда 6, Нарын облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2. Баткенде 2, Ош шаарында 1 адам илдетке кабылды.
Бир сутка ичинде 48 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар төмөнкү аймактардан:
- Бишкек – 18
- Ош шаары – 2
- Чүй облусу – 11
- Ош облусу – 6
- Нарын облусу – 4
- Ысык-Көл облусу – 5
- Жалал-Абад облусу – 2.
- 3 адам (0,9%) - канааттандыраарлык абалда;
- 211 (67,6%) - орто оордукта;
- 78 (25%) - оор абалда;
- 20 (6,4%) - өтө оор абалда.