Кыргызстан ТИМи Анкарада болгон терактыны кескин айыптайт
Тышкы иштер министрлиги 23-октябрда Анкара шаарындагы түркиялык “TUSAŞ” компаниясына болгон терактты кескин айыптайт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
"Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт. Кыргыз Республикасы боордош Түркия Республикасын терроризмге каршы күрөштө колдойт", - деп айтылат маалыматта.