SerepTV Logo

Кыргызстан Пакистан мамлекети менен жеңил өнөр жай тармагында кызматташат

Кыргызстан Пакистан мамлекети менен жеңил өнөр жай тармагында кызматташат
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев Лахор шаарында текстиль ишканаларынын бирикмесинин жетекчилилери менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Мекеменин айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар текстиль тармагындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан. Анда Пакистан тарап Кыргызстандан пахта алып келүүгө кызыкдар экенин билдирген. Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин да сүйлөшүшкөн.
Unknown Author