SerepTV Logo

Кыргызстан Орусиянын "Спутник Лайт" вакцинасын каттоого алды

Кыргызстан Орусиянын "Спутник Лайт" вакцинасын каттоого алды
21-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти Орусиянын бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасын каттады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бир компоненттүү "Спутник Лайт" вакцинасынын эффективдүүлүгү эмдөө алгандан кийин 28-күнүнөн тарта 79,4 пайызды түзөт. 80 пайыз учурда анын таасири эки компоненттүү вакциналардан дагы күчтүү экени белгилүү болгон. Ал эми Орусиянын түз инфестициялар фондунун башчысы: "Бул вакцинаны Кыргызстанда каттоодон өткөрүү өлкөгө коронавируска каршы дагы бир эффективдүү жана коопсуз вакцина берет дегенди түшүндүрөт. Бир компоненттүү препарат калкты эмдөө убактысын кыскартып, калктын иммунитетин түзүүнү тездетет», - деген эле.