SerepTV Logo

Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топтору эки чек аранын долбоордук линиясын аныкташты

Кыргызстан менен Тажикстандын жумушчу топтору эки чек аранын долбоордук линиясын аныкташты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору протоколго кол коюшту. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Тараптар жетишкен макулдашууга ылайык, тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын такташуу боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 5-9-май күндөрү Ош шаарында болуп өткөн. 

"Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Тараптар кийинки жолугушууну Тажикстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", - деп белгилейт коңшу республиканын Тышкы иштер министрлиги.