SerepTV Logo

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушту
Бүгүн, 19-май саат 12:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Кечээ, 18-майда Ош облусунун Алай районундагы Унжу-Булак Чоң аймагында Кыргызстандын Ош облусундагы чек ара өкүлдөрүнүн Тажикстандын Ляхш багытындагы чек ара өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозоттору Унжу-Булак аймагындагы чек аранын аталган бөлүгү эл аралык юридикалык каттоодон өтмөйүнчө патрулдук  күзөт өткөрбөйт деген чечим кабыл алынган. Биргелешип күзөтүү тараптардын макулдашуусу боюнча гана жүргүзүлөт.

Ош облусундагы Чек ара кызматынын кызматкерлери штаттык режимде иштеп жатышат.