SerepTV Logo

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы бекеттер убактылуу жабылат
Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, Кытайдагы белгилене турган майрамга карата “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери транспорт каражаттарынын өтүүсүнө 14-июндан тарта жабылат. Кытай тараптын демилгеси менен жабылып жаткан бекеттер 15-июндан тарта ачылат. Белгилей кетсек, атайын алгоритм боюнча, Кытайдан Кыргызстанга “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери аркылуу бир гана жүктөр өтөт.
Unknown Author