Кыргызстан менен Афганистан Памирдеги кыргыздардын жашоосун биргелешип жакшыртышат
Кыргызстан менен Афганистан Памирдеги кыргыздардын жашоосун жакшыртуу боюнча биргелешип иштөөгө макулдашышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев афганистандык кесиптеши Мохаммад Ханиф Атмар менен видео чалуу аркылуу сүйлөшкөн.
Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук чөйрөлөрдө кыргыз-афган кызматташтыгынын деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын белгилешкен.
"Афганистандагы кыргыздардын абалы боюнча тараптар инфраструктуралык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, Улуу жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздардын жашаган жерлерине мектеп, жол жана ооруканаларды куруу зарылдыгын белгилешкен. Ошондой эле Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде афганистандык кыргыз балдарды окутуу жаатында биргелешкен аракеттерди көрүү тууралуу макулдашышты", — деп айтылат маалыматта.