SerepTV Logo

Кыргызстан интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат

Кыргызстан интернеттин арзандыгы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат
Кыргызстан мобилдик интернеттин оңойлугу жана арзандыгы боюнча дүйнөдө 2-орунда турат. Бул тууралуу “Марал” радиосуна инвестиция тартуу жана курулуш тармагында талдоочу Улукбек Турдубеков маегинде айтып берди. Мобилдик интернет дегенде, бул — Инстаграм менен Whatsapp. Ал эми соода жүгүртүү үчүн андан да күчтүү интернет, күчтүү маалыматтык-коммуникативдик технологиялар керек. Бул жаатта Кыргызстан дүйнөдө 180 мамлекеттин ичинен 100-орунда турат. «Ал эми интернеттин камтуусу боюнча Кыргызстан Борбор Азиядагы 5 өлкөнүн ичинен 3-орунда турат. Биздин астыбызда Казакстан менен Өзбекстан бар», — дейт Турдубеков.
Unknown Author