SerepTV Logo

Кыргызстан эмне үчүн Кытайдын вакцинасын тандады?

Кыргызстан эмне үчүн Кытайдын вакцинасын тандады?
Кыргызстанга Кытайдан келчү вакцинага ДССУдан кепилдик алабыз. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта КММАнын проректору Гүлмира Жумалиева түз эфир учурунда билдирди. Анын айтымында, учурда эл арасында "эмне үчүн коронавируска каршы вакцина Орусиядан эмес Кытайдан келет?" деген суроо жаралып жатат. “Элибиздин арасында эмне үчүн вакцина башка өлкөлөрдөн эмес Кытайдан келет деген суроо жаралып жатат. Биз айткыбыз келет. Бул вакцина +2...+8 градуста сакталат. Бизге бейпилдик берген нерсеси бул “Синофарм” деген вакцина. Март айында ДССУ тарабынан ошол эле “Астразенека”, “ Файзер”, “Модерндей” каттоону күтүп жатат. Каттоодон өтсө, биз ДССУдан кепилдик алабыз. Бул абдан ыңгайлуу вакцина”,- деди ал.
edita