SerepTV Logo

Кыргызстан дагы 1 миллион доза вакцина алуу үчүн акча издеп жатат

Кыргызстан дагы 1 миллион доза вакцина алуу үчүн акча издеп жатат
Биздин элге азыркы кезде 3,5 миллион вакцина керек. Аны бир да өлкө бизге гуманитардык жардам кылып бербейт. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан дагы 1 миллион доза вакцина алуу үчүн акча каражат издеп жатат. "1 миллион кишини эмдөөдөн өткөрүү үчүн көп каражат керектелет. Эки жолу эмдөө үчүн вакцинаны 20 доллардан алсак, аны эми 1 миллионго көбөйткүлө. Көп каражат болуп кетип жатат", - деди ал.
edita