Кыргызстан 20 миллион долларга Sinopharm кытай вакцинасын сатып алат
Дүйнөлүк банк бөлгөн каражатка COVID-19га каршы кытай вакцинасы сатып алынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” түз эфиринде маек куруп жатып билдирди.
“Биз кечээ донорлор жана Дүйнөлүк банк менен онлайн-конференция өткөрдүк, анын аягында келишимге кол коюлду. Дүйнөлүк банк бизге коронавирус инфекциясына каршы вакцина алууга 20 миллион доллар бөлөт. Биз өзүбүз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналардын бирин тандайбыз. Анда Орусиянын “Спутник V” вакцинасы жок, бирок тизмеде Кытайдын “Синофарм” вакцинасы бар, биз ошону сатып алабыз”, - деди министр.
Ошондой эле ал ушул күндөрү Кыргызстанда коронавируска каршы 50 миңден ашык киши эмделгенин билдирди. Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Өкмөт буга чейин эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык «AstraZeneca» вакцинасы да келерин билдирген. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдеттен 1675 киши каза болду. Дээрлик 100 миңге жакын киши вирус жугузуп алды. Анын 92 миңден ашыгы сакайып чыкты.