SerepTV Logo

"Кыргыз үмүтү": "Октябрь окуяларында бутунан жаракат алып, операцияга муктаж болуп жаткан жарандарга мамлекет жардам берсе дейбиз"

"Кыргыз үмүтү": "Октябрь окуяларында бутунан жаракат алып, операцияга муктаж болуп жаткан жарандарга мамлекет жардам берсе дейбиз"
5-6-октябрдагы борбордогу башаламандыкта жаракат алган жарандар мамлекеттин жардамына муктаж болуп жатышат. Бул тууралуу "Кыргыз үмүтү" коомдук бирикмесинин жетекчиси Саламат Алмазбек уулу СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди. Анын айтымында, жаракат алган жарандарга чет өлкөлөрдө кеминде 3-4 жолу операция жасалышы керек. "5-6-октябрда көптөгөн жарандар жаракат алышты. Ошолордун ичинен учурда 3 бала кымбат операцияга муктаж болуп жатат. Алардын операциясы Германияда гана жасалат экен. Алдын ала операциянын баасын да билип көрдүк. 32 миң евро экен. Албетте, жеке жардамдар бар бирок алар операцияга жасатууга жетпей жатат. Биз бул көйгөйүбүздү айтып, көп эшик кактык. Кайрылбаган жерибиз калган жок. Бир баланын кыр сөөгүнүн 15 сантиметрдей жери жок болсо, экинчи баланын да бутунун эти чачырап, тарамыштары үзүлүп кеткен экен", - деди ал. Мындан тышкары, ал жардам сурап саламаттыкты сактоо министрлигине, мэрияга, президентке кайрылганын айтты. "Мэрияга кайрылганбыз. Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткарып жатканда бир аз жардам берип жатты. Саламаттыкты сактоо министрлигине да кайрылдык. Бирок ал жактан жооп болгон жок. Президентке 10-февралда кат жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, ал жактан да жооп келген жок. Биздин үнүбүздү бийликтегилер укса дейбиз",- деди Саламат Алмазбек уулу. 5-6-октябрда борбордук аянтта болгон башаламандыкка катышкан 100дөн ашык адам “Кыргыз үмүтү” коомдук бирикмесин түзүшкөн. Алар буга чейин бул окуяга күнөөлүүлөрдү жазалоо талабы менен Башкы прокуратурага да кайрылышкан эле.
edita