SerepTV Logo

Кыргыз волейболунун жылдызы үйлөндү. Анын жүрөгүн багындырган чүрөк ким?

Кыргыз волейболунун жылдызы үйлөндү. Анын жүрөгүн багындырган чүрөк ким?
Кыргыз волейболунун жылдызы Оңолбек Каныбек уулу үйлөндү. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги спортчуну куттуктап чалганда спортчу төмөнкүлөргө токтолду. "Жубайымдын аты Кундуз. 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылында туулган. Кесиби боюнча дарыгер. Тоюбуз кечээ, 1-июлда "Ак-Сарай" кафесинде өттү", - деди ал. Оңолбек Каныбек уулу 1991-жылы Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча педиатр. Ал 2019-жылдын Азиянын аймактык чемпионатынын жеңүүчүсү жана "Мыкты оюнчусу".