SerepTV Logo

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси мекемени кантип жеке бизнеске айланткан?". Темир жолдо желген миллиондор боюнча иликтөө чыкты

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси мекемени кантип жеке бизнеске айланткан?". Темир жолдо желген миллиондор боюнча иликтөө чыкты
«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын миллиардаган кирешеси мекеменин жетекчисине тагыраагы Василий Дашковдун өз чөнтөгүнө түшүп турат. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Али Токтакунов өзүнүн «Темир жолду миллиондоп сааган Дашков» аттуу чыгарган иликтөөсүндө билдирди. Анын айтымында, «Кыргыз темир жолу» ишканасы буга чейин жарыялап келген тендердик иштердин баарын жетекчи өзүнүн фирмасын уттуртуп, мамлекетке тийиштүү акчаларды Дашков тендер аркылуу өз бизнесине которуп турган. Токтакунов иликтөөсүндө Дашковго тийиштүү бир канча фирма, компанияларды ачыкка чыгарган. Жана алар мамлекеттик ишкананын ишин, каражатын каалагандай калчап Дашковдун жеке кызыкчылыктарына жумшалып келгенин айтты. "Буга чейин 2020-жылда эле «Кыргыз Темир жолуна» байланыштуу 5 чиновник коррупцияга шектелип кармалганы менен УКМК дагы, Каржы полиция дагы башкы көзүрдөн аттап өтүп кетишкен. Же билип туруп атайын камакка албай деле коюшкан. Себеби буга чейин карапайым калк Темир жолдун жетекчиси Дашковго каршы бир нече жолу митингге чыгышкан жана социалдык тармактарда бул жетекчи жемкор экенин колдонуучулар байма-бай айтып, жазып да келишет", - деди Токтакунов. «Кыргыз темир жолу» ишканасы жылына орточо 7 миллион тонна жүк, 100 миңдеген жүргүнчү ташыйт. Өлкөдөгү ири салык төлөөчү, мамлекеттик стратегиялык ишкана. Жылына миллиардаган сом киреше табат. Али Токтакуновдун айтымында, бул ишкана да Кыргызстандагы чоң акча айланган мекемелер сыяктуу коррупцияга белчесинен малынган. Бирок учурда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков иликтөөчү журналист коюп жаткан айып, иштер боюнча үн ката элек. Жана тийиштүү органдар да мамлекеттик кызматкерди текшерүүгө алышканын айтыша элек.
Unknown Author