SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу тараптардын кезектеги жолугушуусу пландалды

Кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу тараптардын кезектеги жолугушуусу пландалды
16-мартта Тажикстандын Согди облусуна караштуу Гулистон шаарында кыргыз-тажик тараптардын кезектеги чек ара маселелерине байланыштуу жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан  кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жолугушуусун Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тажикстандык кесиптеши Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, убактысын жана жолугушуунун жерин белгилеген. Анда министрлер алдыда боло турчу эки тараптын жолугушуусу ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин тактоо ишин улантууга, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө болорун айтышкан. Белгилей кетсек, акыркы убакта  Баткендин Тажикстан менен чектеш аймактарында жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар көп катталгган.
Unknown Author