Кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйдү чечүүнү талап кылгандар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты
Өкмөт үйүнүн алдына кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлөрдү чечүүнү талап кылгандардын тынчтык митинги өтүп жатат.
Алардын айтымында, чогулгандарын арасында Баткен районунун тургундары жана жарандык активисттер бар. Алар Көк-Таш, Аксай айылдарында жана Ала-Бука районундагы чыр-чатактардан улам Кыргызстандын түштүгүндөгү мамлекеттик чек араны делимитациялоо талабын коюшууда.
Ошондой эле алар президент Садыр Жапаровго жана премьер-министр Улукбек Мариповго кайрылышып, ушул көйгөйгө көңүл буруп, "ички саясий эмес, тышкы көйгөйлөрдү" чечип берүүнү өтүнүштү.
«Жаңы өкмөттөн кандайдыр бир реакцияны күттүк, бирок көрө алган жокпуз. Ошондуктан, биз ушул жерге чогулуп, бул көйгөйдүн чечилишин талап кылабыз. Анткени биз өз мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер карабайбыз», - дешет митингчилер.