Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын саны 189 адамга жетти
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркагандардын саны 189 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйын учурунда билдирди.
“4-майга карата Баткенде жабыркагандардын саны 189 болду. Анын ичинен 36 адам каза болду. Бүгүнкү күндө жабыркаган 100 адам саламаттыкты сактоо мекемелеринде атайын дарылоодон өтүп жатышат. Анын ичинен Бишкек шаарына которулуп келген 59 адам, Баткен облусунда 41 адам дарыланууда. Жеңил жаракат алган адамдар үйгө чыгарылды",- деди ал.
Мындан тышкары, ал медициналык мекемелерде дары-дармек, кан толук каандуу жетиштүү экенин айтты.