Чек арадагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына берилүүчү кенемтенин көлөмү аныкталды
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда мерт болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга бир жолку төлөнүүчү кенемте тууралуу долбоорду даярдап, коомдук талкууга чыгарды.
Ага ылайык, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион сомдон берилет. Соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен оор жараат алды дегендер 100 миң сомдон алат. Азыраак жараат алгандарга 50 миң, ал эми жарааты жеңилдерге 30 миң сомдон бөлүнөт.
Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.