SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады

Чек арадагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. "Ошону менен бирге жабыркаган айылдардын тургундары менен жолугушууда Садыр Жапаров белгилегендей, калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат — жергиликтүү тургундардын бузулган үйлөрүнүн ордуна жаңы заманбап турак-жайлар курулат", - деп айтылат маалыматта. Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.