SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алган жаран операция жасатууга Түркияга учуп кетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жаракат алган жаран операция жасатууга Түркияга учуп кетти
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жаракат алган бейтап бүгүн, 14-майда Түркияга операция жасатууга учуп кетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Лейлек районунун Интернационал айылынын 1983-жылы туулган тургуну 30-апрелден бери Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан. Ал көзүнөн жана эки таманынан жаракат алган. «Оң көзүнө операция жасалган. Андан кийин компьютердик томографиядан көзүндө майда заттар бар экени аныкталды. Бейтапты Түркиядагы менчик клиниканын дарыгери көрүп, сүйлөшкөн жана операция жасоо сунушталган», - деп айтылат маалыматта. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, бардык чыгымдар Кыргызстандагы Кызыл ай коому тарабынан каржыланат.