Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Биринчи айым Айгүл Жапарова Баткендеги үйлөрдүн курулушу менен таанышты
Баткен облусуна жасаган сапарынын алкагында биринчи айым Айгүл Жапарова апрелиндеги чек ара жаңжалында каза тапкандардын үй-бүлөлөрү үчүн курулуп жаткан турак жай объектилерин кыдырып чыкты. Бул тууралуу "Үмүт булагы" коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка караганда, социалдык шаарчанын курулушу Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Айгүл Жапарова Мырза-Акедеги Разаков атындагы ата-энесинен кароосуз калган жана жетим балдардын мектеп-интернатында болгон.
⠀“Учурда биз коомчулуктун көңүлүн балдардын эң зарыл көйгөйлөрүнө бурушубуз керек. Биздин башкы милдет – аларга сапаттуу билим берип, жаш жеткинчектерди шыктандыруу жана алардын дени сак жана коопсуз жашоосун камсыз кылуу. Биздин жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ролу абдан чоң экенин баарыбыз билебиз”, - деди ал. Ошондой эле, биринчи айым интернаттагы балдарды билим алууга умтулууга чакырып, аларга бекем ден соолук каалады.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="64408,64407,64411,64409,64410"]