Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. 27 үй-бүлө 1 миллион сомдон компенсация алышты
Тажикстандагы куралдуу кол салуу учурунда курман болгондордун 27 үй-бүлөсү бир миллион сомдон компенсация алышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн 51 миллион сом бөлүнгөн. «Каза болгон 27 жарандын үй-бүлөсүнө бир миллион сомдон берилди. Дагы 67 үй-бүлө - келтирилген зыянга жараша 50 миңден бир миллион сомго чейин алат. Компенсацияны төлөө жана Баткенди калыбына келтирүү иштери президент Садыр Жапаров менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун көзөмөлүндө. Маалымат күн сайын берилип турат», - деди ал.
Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, Баткендеги жаңжалдан улам келтирилген жалпы чыгым 1 миллиард 305 миллион сомго бааланууда.