SerepTV Logo

Чек арадагы атышууда каза болгон чек арачынын жакындарына үй берилет

Чек арадагы атышууда каза болгон чек арачынын жакындарына үй берилет
Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышуусу учурунда каза тапкан Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө үй берилет. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты. "Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылуушуда курман болгон чек ара кызматынын кызматкери Хуснидин Хаджиевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун жакындарына колдоо максатында, Баткен шаарында 82 чарчы метр аянттуу жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү тапшырды", - деп айтылат маалыматта. 8-июлда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Анын кесепетинен Кыргызстандын 27 жаштагы чек арачысы тажик тараптын огунан көз жумган. Кечээ, 9-июлда анын сөөгү туулуп-өскөн айылына Тажикстан аркылуу алып келинген.