SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон чек арачынын сүрөтү жарыяланды

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон чек арачынын сүрөтү жарыяланды
Социалдык тармактарга кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон 27 жаштагы чек арачы Хуснидин Хожиевдин сүрөтү жарыяланды. УКМКнын Чек ара кызматы жигиттин сөөгү үйүнө бүгүн, 9-июлда Тажикстан аркылуу алып келинерин маалымдады. Кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Анын кесепетинен 27 жаштагы чек арачы көз жумганы маалым болгон.