SerepTV Logo

Чек арадагы атышуу. Тажикстан Кыргызстандын чек арачысын кайтарды

Чек арадагы атышуу. Тажикстан Кыргызстандын чек арачысын кайтарды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 9-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Тажик тарабынан кармалган Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик З.Умаров кыргыз тарапка өткөрүп берилди. "Бүгүн ал Кыргызстандын чек ара өкүлү менен "Кайрагач-Автожол" өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келди. Чек арачынын абалы канааттандырарлык деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

8-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Анын кесепетинен 27 жаштагы чек арачы көз жумган. Ал эми дагы бир чек арачыны тажик тарап кармап кеткени маалым болгон.