SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Кыргызстандын эки чек арачысын туткунга алышканы айтылууда

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Кыргызстандын эки чек арачысын туткунга алышканы айтылууда
Кечээ, 8-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында болгон чырда Кыргызстандын 2 аскери жана кызматтык 3 жылкы туткунга алынган. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка караганда, чек арачылар Гош-Жайлоо аймагындагы Наумин ашуусунда жүрүшкөн. Тажикстандын чек арачылары күтүүсүз жерден ок атып, прапорщик Умаров менен сержант Хуснидин Хожиев 3 ат менен кошо туткунга алынган. Сержант Хуснидин Хожиев алган жаракатынан улам каза болгон. "Аталган чырдан кийин ал жерде Тажикстандын күч түзүмдөрүнүн катышуусунда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта. Бул боюнча УКМКнын Чек ара кызматы маалымат бере элек.