SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Тажик тарап алардын чек ара отряды макулдашылган аймакка жайгаштырылганын жарыялады

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал. Тажик тарап алардын чек ара отряды макулдашылган аймакка жайгаштырылганын жарыялады
Тажикстандын УКМКсы кыргыз-тажик чек арасындагы — Ош облусунун Чоң-Алай районундагы абал боюнча маалымат таратты. Ошол эле учурда ЖМКларда жарыяланган кыргыз тараптын расмий билдирүүсү чындыкка дал келбегенин билдирет. Бул тууралуу Khovar.tj жазып чыкты. "Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишинин жыйынтыгы менен жалпы 986,7 чакырым аралыктын 519,9 чакырымы белгиленген. Бул жердеги такталбаган аймактардын бири — Шатты ашуусу. Тараптар бул аймакта тилкелерди аныктоо иштерин улантууну, өзүнүн сунуштарын берүүнү макулдашкан. Өкмөттөр аралык комиссиянын макулдашуусунун алкагында айрым чек ара чектери белгиленген. Буга байланыштуу азыркы тапта кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы макулдашылган тилкесин Тажикстандын УКМКсынын чек арачылары күзөтүп жатат. Тактап айтканда, протоколдук макулдашууга ылайык, чек арачыларды жайгаштыруу макулдашылган аймакта жүрүп жатат. Башка тарабынан, Карамык ашуусунун аймагында Кыргыз Республикасынын чек ара посту орнотулган. Көрсөтүлгөн дислокация эки мамлекеттин чек араны такташууну аяктаганга чейин тең укуктуулукту камсыздайт. Ушундан улам бул тилкенин делимитациялоо процессин бат аягына чыгаруу максатында тараптардын топографиялык топторуна тапшыруу сунушталды", - деп жазылат маалыматта.