SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Чоң-Алай районунун акими жооп берди

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча Чоң-Алай районунун акими жооп берди
Бүгүн, 4-июнда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Унжу-Булак тилкесинде абал курч деген маалымат боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине райондун аким Темирболот Абыкеев жооп берди. Чоң-Алай районунун акими абалдын курчушу боюнча айтылган маалыматты четке какты. Анын айтымында, чек арага жакын аймакка тажик тараптан кысым болгон жок. "Контейнер боюнча азыр тактап жатабыз. Ал эми Унжу-Булак аймагы толук түрдө чек ара кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев келип, чек арадагы абал боюнча таанышкандан кийин толук маалымат беребиз", - деп билдирди Чоң-Алайдын акими.
Unknown Author