SerepTV Logo

Кыргыз-тажик чек арасы. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко учуп кетти

Кыргыз-тажик чек арасы. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко учуп кетти
Бүгүн, 4-июнда кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын курчуй башташына байланыштуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, абалды жөнгө салуу үчүн Камчыбек Ташиев менен чогуу министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Абдулат Мырзаев көрсөтүлгөн аймакка жөнөп кетишкен. «Тажик тарап кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык делегациянын буга чейин жүргүзгөн келишимдерин бузуп, 4-июнда саат 03:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган чек ара аймагында контейнерлерди орното баштаган», - деп айтылат расмий маалыматта.