SerepTV Logo

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мушташ эмнеден чыккан? Окуянын чоо-жайы

Кыргыз-өзбек чек арасындагы мушташ эмнеден чыккан? Окуянын чоо-жайы

Кечээ, 13-майда кыргыз-өзбек чек арасында эки өлкөнүн жараны турмуш-тиричиликке байланыштуу мушташа кеткени айтылган. Баткен ОИИБ окуянын чоо-жайын айтып берди.

Маалыматка караганда, 13-май күнү саат 11:20 чамасында Баткен районунун Сай айылы менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох анклавынын тургундарынын малдары эки өлкөнүн чектешкен аймагынан өтүп кеткен. Сай айылынын 50 жаштагы тургуну малдын ээлерине малдарын алып кетишин айткан. Сох анклавынын 5-6 тургуну топтолуп келип, 3 кыргыз жаранын уруп, денелерине жаракат келтиришкен. Бул окуядан соң жергиликтүү 50-60тай тургундар аталган жерге чогулушкан.

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү, жергиликтүү милиция жетекчилери жолугушуп, сүйлөшүшкөн. Жыйынтыгында өзбек тараптын жетекчилери кечирим сурап, элдешүүнү суранышкан. Аталган окуя Баткен РИИБ тарабынан Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренеси (ден соолукка зыян келтирүү) менен катталып, тергөө иштери жүрө баштады. Ал эми денесинен жаракат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Окуя боюнча Сай жана Бирлик айыл аймагынын тургундары Кадамжай районундагы Айдаркен шаардык борбордук аянтына саат 15:00дө чогулушуп, нараазычылыктарын билдиришкен. Айдаркен шаардык маданият үйүнө Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Кутпидин Шакиров, Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын полковниги Орунбай Кочкоров, Баткен РИИБдин бөлүм башчысы, милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев жана Айдаркен шаарындагы 2023 чек ара отрядынын командирлери болгон окуя боюнча чогулган тургундарга маалымат беришкен. Жарандар тарабынан чек араны тактоо талаптары коюлуп, саат 17:30 чамасында чогулган эл таркап кетти.

Учурда Баткен облусунун чек арага чектеш аймагында абал туруктуу жана милициянын толук көзөмөлүндө.