Кыргыз-орус мектебин куруу макулдашылды
Бүгүн, 15-мартта Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов өз ичине төмөнкүлөрдү камтыган сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту:
- Орусиянын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттер планы;
- Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын билим берүү стандарттарын ишке ашыруучу биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттер планы.