SerepTV Logo

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 1-октябрдан 7-октябрга чейин жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасынын күнүнө байланыштуу "Торугарт-Автожол" жана "Эркечтам-Автожол" өткөрүү пункттары жабылат. Пункттар 8-октябрдан тарта иштей баштайт.