SerepTV Logo

Кыргыз-кытай чек арасындагы 2 өткөрүү бекети убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай чек арасындагы 2 өткөрүү бекети убактылуу жабылат
Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы 2 күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 3-апрелден 5-апрелге чейин Кытай маркумдарды эскерүүчү Цинмин майрамын белгилейт. Мындан улам чек арадагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү бекеттери жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабык болот. Транспорт унаалары жана жүктөр 6-апрелден тарта өткөрүлүп баштайт. Бул эки бекет аркылуу  Кытай Кыргызстанга товар киргизип турат.
Unknown Author