SerepTV Logo

«Кыргыз көмүр» эмне үчүн «Альфанын» аскерлери Кара-Кечеге жөнөтүлгөнүн түшүндүрдү

«Кыргыз көмүр» эмне үчүн «Альфанын» аскерлери Кара-Кечеге жөнөтүлгөнүн түшүндүрдү
УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы аскерлери Кара-Кечеге «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси Марат Турдубаевдин кайрылуусу боюнча жөнөтүлгөн. Бул тууралуу «Кыргыз көмүрдүн» басма сөз кызматынан билдиришти. Турдубаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден «Альфанын» аскерлерин жөнөтүүнү суранган. «Кара-Кечеде абал тынч, тынчсызданууга негиз жок», - деп айтылат маалыматта. 5-октябрда «Кыргыз көмүрдүн» учурдагы жетекчиси Мирлан Жакыпов «Биринчи радионун» эфиринде Кара-Кече көмүр кениндеги коопсуздукту камсыздоо үчүн УКМКнын «Альфа» атайын багыттагы аскерлери барышканын билдирген.