SerepTV Logo

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт
Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, "Каркыра" бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт. Белгилей кетсек, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт. Ошондой эле "Каркыра" өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.
Unknown Author