SerepTV Logo

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу иштебейт

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү пункту убактылуу иштебейт
Бүгүн, 7-январдан тартып Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрүү пункту, тагыраагы "Кең-Булуң" жана "Токмок" убактылуу иштебейт. Кыргыз Чек ара кызматынан маалымдашкандай, казак тараптын демилгеси боюнча аталган өлкөнүн бирдиктүү маалыматтык системи иштебей калганына байланыштуу жогорудагы пункттар жарандарды жана унааны өткөрүүнү токтотот. Кыргыз-казак чек арасында калган өткөрүү бекеттери - "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Чоң-Капка" жана "Каркыра" коронавируска байланыштуу чектөөлөрдүн эсеби менен штаттык режимде иштеп жатышат. Чек арада элдин жана унаалардын топтолгону катталган эмес жана абал туруктуу экендиги маалымдалды.