Кыргыз эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев дүйнө салды
Кыргызстандын көркөм сүрөт искусствосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон таланттуу инсан, эл сүрөтчүсү Нурдамир Конгурбаев 9-мартта 81 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу анын замандаштары социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, маданият тармагына эмгек сиңирген ишмер, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Конгурбаев Нурдамир Ашимович узакка созулган оорудан улам дүйнө салды.
Ал 1940-жылы 5-мартта Фрунзе шаарында туулган. 1962-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1971-жылы Ленинград шаарындагы И. Е. Репин атындагы Искусство академиясынын сүрөт, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. 1971-1985-жылдары Фрунзедеги С. Чуйков атындагы Көркөм сүрөт окуу жайынын мугалими, андан кийин анын директору болуп иштеген.
1976-жылдан тартып СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, кийин Кыргыз Республикасынын Жаш сүрөтчүлөр ассоциациясынын төрагасы, 1986-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Өзүнүн эмгек жана чыгармачыл ишмердүүлүгүндө ал республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн активдүү катышуучусу болгон. Чыгармачылык сапарлар менен ал СССРдин бардык республикаларында, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө — АКШда, Францияда, Англияда, Германияда, Чехословакияда, Польшада жана башка өлкөлөрдө болгон.
Ошондой эле Нурдамир Конгурбаев өлкөнүн көркөм сүрөт өнөрүнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1991-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 2008-жылы Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү деген наамдарды алган.