SerepTV Logo

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды
Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды. Маалым болгондой, ал 16-февралга караган түнү саат 03:05те оорудан улам көз жумган. Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Театрда чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Египет, Колумбия, Англия, Германияда өткөн Эл аралык фестивалдарга катышкан. 1990-жылы "Тунгуч" жаштар театрын ачып, бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келген. SUPERTV залкардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Unknown Author