SerepTV Logo

Карамык айылынын тургуну: “Аялдарды, балдарды жана карыларды башка жакка көчүрүп жатышат”

Карамык айылынын тургуну: “Аялдарды, балдарды жана карыларды башка жакка көчүрүп жатышат”
Бүгүн, 4-июнда Чоң-Алай районундагы чек арага жакын Карамык, Кара-Тейит жана Жекенди айылдарынын жашоочулары үйлөрүнөн 2 күнгө башка жакка көчүрүлүүдө. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Дастан Орозбаев аттуу Карамык айылынын жашоочусу билдирди. “Учурда айылдан кары-картаңдар, аялдар жана балдар көчүрүлүүдө. Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон же андан ары өткөн айылдарга барып туруубузду жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиришти. Көчүрүү иштери башталды. Тийиштүү документтерди жана үйдүн документтеринен тышкары ашыкча нерсе албоону эскертишти. Айыл элине 2 күнгө алыс жакка, жок дегенде 25 чакырым ары көздөй барып тургула дешти”, - дейт ал. Жогорудагы маалымат боюнча Чек ара кызматына байланышканыбызда эвакуация иштери менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алектенерин айтышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо, бул маалыматты Чек ара кызматынан тактоо керектигин билдиришти.
Unknown Author