Күндүн сүрөтү: "Тазалыкчыларга" сезондук жаңы форма берилгени элдин кыжырын жаратууда
Кечээ, 25-сентябрда Ош шаарынын "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаилов ар бир жумушчуга жаңы кийим тапшырып, иштерине ийгилик каалаганы маалымдалган.
"Шаардын тазалыгын камсыздоодо сиздердин эмгек чоң. Күн-түн дебей, ысык-суукка карабай эл кызматындасыздар. Биз сиздердин иштөөңүздөр үчүн болушунча жакшы шарт түзүүгө аракет кылабыз", - деген жетекчи. Ошондой эле жумушчуларга ишкана тарабынан күзгү, жайкы, кышкы сезондук кийимдер, эмгек куралдары акысыз берилип турары айтылган.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="74735,74737,74734,74736,74738"]
Дал ушул сүрөттөр соцтармактын колдонуучуларынын кыжырын кайнатты. Алардын басымдуу көпчүлүгүнүн айтымында, алдуу-күчтүү эркек ишкана башчысынын улгайып калган жаштагы аялдарга кийим-кече берилиши кейиштүү көрүнүш жараткан.