"Кылмыш ишин козгойбуз деп коркутушту". Журналист Канат Каниметов УКМКда аны кантип суракка алышканын айтып берди
"Апрель" телеканалынын журналисти Канат Каниметов Улуттук коопсуздук комитетинде аны кантип суракка алышканын айтып берди. Ал кечээ, 11-мартта УКМКга мекеменин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин иши боюнча күбө катары суракка чакырылган болчу.
Сурактан чыгып, журналист өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына УКМКнын кызматкерлери аны кантип коркутканын жана ага алар күбө катары мамиле кылбай, айыптоочу катары корс мамиле кылышканын жазып чыкты.
“УКМКга барганда тергөөчү дароо эле мени «Сен эмнеге соцтармактарга жазып жибердиң?» деп беттен алды. Мындайды күтпөгөндүктөн апкаарып, айтарга сөз таппай калдым. Андан кийин менден сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө тилкатка кол коюуну талап кылышты, мени менен барган юрист буга каршылыгын көрсөткөндөн кийин тергөөчү бизге жинденип, заарын чача баштады. Тергөөчү кайрадан беттен ала баштады. Ал бизге “Эмне башымды оорутуп жатасыңар? Анда баш тартып жатабыз деп кагаз жазып бергиле!” деп кыйкырды. Юрист макул болуп, баш тартууну жазып бердим. Андан соң менин юристиме иш жашыруун экенин, мен юристтин катышуусу жок суракка алынарымды айтышты. Ошондой эле тергөөчү "Эгерде бул маегибиз тууралуу бирөөгө айтып бере турган болсоң, үстүңдөн кылмыш ишин ачам" деп мени коркутту. Анан мен юристим менен кеңешип, тилкатка кол коюуга макул болууга аргасыз болдум. Ошондуктан мага кандай суроолор берилип, аларга кандай жооп бергенимди азырынча айтып бере албайм. Бирок баарын блокнотко кеңири жазып алдым. Менин бул кылыгым да тергөөчүнү ачуулантты. Ал суракты кагазга түшүрүүгө укугум жоктугун айтып кыйкырып, блокнотту тартып алып терезеден ары ыргытып салам деп коркутту", - деп билдирди Каниметов.
Мындан улам журналист УКМК аны кийин айыпталуучу кылып койсо деле таң калбасын айтты.
“Мен кандай сезимдемин? Алгач мени Сегизбаевдин иши боюнча гана суракка чакырышты деп ойлогом. Сыягы, алар үчүн аны компромисске келтире турган далилдерди алуу маанилүү. Эми менде бир аз башкача пикир бар. УКМК мени да казып жатат деп толук айта алам. Себеби мага, адаттан тышкаркы, статусу жакында күбөдөн айыпталуучуга өзгөрө турган адамга берилүүчү суроолорду берип жатты”, - деп айтты ал.
Журналист Канат Каниметов УКМКга суракка 2015-2016-жылдарда Коомдук телеканалда иштеп жүргөн учурунда жарыяланган макалаларына байланыштуу чакырылган. Учурда ал "Апрель" телеканалынын журналисти.