Күйүүчү майды экспорттоого тыюу салынды
Күйүүчү майды өлкөдөн сыртка ташууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим өлкөдөгү күйүүчү майга болгон таңкыстыктын алдын алуу максатында кабыл алынган. Өкмөт башчынын токтомуна ылайык, убактылуу бул чектөө Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө мүчө мамлекеттер ортосундагы ташууларга тиешелүү эмес. Ошондой эле жарандардын жеке колдонуусу үчүн унаа багына куюлган жана өзүнчө алынып бараткан 20 литрден көп эмес көлөмдөгү күйүүчү майды алып өтүүгө уруксат берилет.
Ал эми мунайзаттарын мыйзамсыз алып өтүүнүн алдын алуу талабы Мамлекеттик бажы кызматына, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына, Чек ара кызматы, Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигине коюлду.
1-мартта Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов өлкөдө мунайзатына болгон баа жума сайын көтөрүлүп жатканын айтып, Кыргызстан жыл башынан бери Орусия өндүрүмүнөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөнүн, кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келгенин айткан. Ошондой эле дизелдин тоннасы 360 доллардан 470 долларга, тактап айтканда, 14 пайызга көтөрүлгөнүн да кошумчалаган.